Мадумаров айылдардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө тыюу салуу керектигин айтты

  • 2 года мурун
Мадумаров айылдардын, көчөлөрдүн аттарын  өзгөртүүгө тыюу салуу керектигин айтты

Депутат Адахан Мадумаров айылдардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Айылдарга барганда көрүп жатабыз, киши тааныбаган эле адамдардын аттары пайда болуп калып жатат. Жергиликтүү эл ким жылкы сойсо колдойт. Биздин менталитет ошондой. Мыйзамдын негизинде кишилердин аттары менен атоого тыюу салуу керек. Уят эмеспи. Тирүү адамдардын аттары коюлган учурлар бар. Мурда көчө же айылга ат коёрдо ойлонулчу. Азыр эки жылкы сойсоң баары даяр. Биз уят болобуз кийин. Чыгаша кандай болот? Көчөңө жарык коюп берем десе атасынын атын берет. Төрт дарак тигип берсе парктардын атын коюп жатабыз. Кийин кайсы айыл кайда экенин билбей калабыз го”,-деди Мадумаров.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев жергиликтүү кеңеш менен иш алып баруу боюнча колго алабыз

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты