«Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашканалар ээсинин өз ыктыяры менен буздурулду

  • 4 месяца мурун

Борбор калаада объектилерди ыктыярдуу бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын доо катынын негизинде «Мадина» базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду.

Иштин жүрүшүндө, 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.

Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.

Мындан тышкары, Абакан көчөсүнүн 121-дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объектилер ыктыярдуу түрдө алынды .

Жеңил объектилер турган жер тилке жашылдандыруу үчүн ижарага берилген, бирок багытсыз пайдаланылып, контейнерлерди сактоо үчүн колдонулуп келген. Жер тилкеде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Башкармалык тарабынан текшерүү актысы түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты