«Мадина» базарында соодагерлер жаңы базарга көчүүдөн баш тартууда
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкектеги “Мадина” базарынын соодагерлери жаңы “Ала-Тоо” базарына көчүрүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү.
Маалыматка ылайык, соодагерлерге базардын жанына курулган жаңы соода борборуна көчүү сунушталган. Бирок алар жаңы жайда иштөөгө шарттар ыңгайсыз жана коопсуздук талаптары сакталбаганын билдиришүүдө.
28-июлда “Ала-Тоо” базарына 200гө жакын соодагер чогулуп, “Кетпейбиз!” деген ураандар менен өз позицияларын билдиришти. Алар буга чейин да базарды көчүрүүгө каршы акцияларга чыгышкан.
Ал арада шаар мэри Айбек Жунушалиев соодагерлер менен жолугуп, маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирген.
Буга чейин “Мадина” базары 1-августтан тарта жабылары айтылган.
Сүрөт: Акипресс
Муну бөлүшүү




