Маданият министрлигинин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралууда

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралууда.

17-мартта өткөн соттук отурумда министрлик «Настоящее времянын» материалын лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирген. «Азаттыктын» жактоочулары бул боюнча позицияларын кийинки соттук отурумда билдире турганын айтышкан. Мындан улам соттук отурум 24-мартка жылдырылган.

Бүгүн «Азаттыктын» жактоочулары бул кылмыш иши болбогондуктан экспертизанын жыйынтыгы керек эмес экенин айтып, Маданият министрлигинин өтүнүчүн четке кагынуу сунушташты.

Учурда судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты