Маданият министрлиги Ош облустук филармониясынын директорлугуна документтерди кабыл алууну жарыялайт

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Талапкердин “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы 2 жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы 3 жылдан кем эмес болушу керек.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын өнүктүрүү программасы;

резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

кадрларды эсепке алуу баракчасы;

нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 13-февралга чейин тапшырылууга тийиш.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты