Маданият министрлиги мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 1-январдан тарта мамлекеттик мекемелерде жана массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 2022-жылдын 30-декабрында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Буйрукка ылайык, эми театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканаларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынат.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелериндеги концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 1-январдан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп айтылат министрликтин буйругунда.

Министрлик маалымдагандай, фонограмма менен ырдаган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт. Ал эми буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөй турганы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты