Маданият министрлиги чечим аткарылбаса, «Клооп» сайтын бөгөттөөнү эскертти

  • 11 месяцев мурун

Маданият министрлиги “Клооп” сайтынын «Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1” (“Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де аны кыйноого алып жаткандыгын билдирди”) аттуу материалында чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланган деп, эгерде ал материалды сайттан алып таштабаса, эки айга чейин бөгөттөөнү көздөп жаткандыгын жазып чыкты.

Аталган материалда Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында ал кыйноого кабылганын билдирген.     

«Мага карата УКМКнын көрсөтмөсү менен түрмөдө кыйноо жана куугунтук уюштурушууда. 5 күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО 1дин кызматчылары сыз деңгээли өтө жогору, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты” деп жазган Жээнбеков.

Бул материал боюнча УКМК Маданият министрлигине кайрылганы айтылат.

“Эгер чындыкка дал келбеген маалыматты алып салуу боюнча чечим аткарылбаса, анда Маданият министрлиги “Клооп” сайтын эки айга чейин бөгөттөйт” деп айтылган министрликтин катында.

Министрлик аталган материалды эки жумушчу күн ичинде алып салууну талап кылган. Чечимге маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов кол койгон.

Материал боюнча Жаза аткаруу кызматынын комментарийи да берилген. Жаза аткаруу кызматы Равшан Жээнбековдун кайрылуусун комментарийлеп, анын кыйноого туш болгонун четке каккан.

«Бардыгы мыйзам чегинде кармалып турат. Эч кандай кыйноо болгон жок. Жогорку органдар жана прокуратура, ошондой эле акыйкатчы, кыйноолорго каршы улуттук борбор жана парламент көзөмөлгө алып турат” деп билдирген Жаза аткаруу кызматы.

Сүрөт: «Клооп» сайтынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты