Маданият министринин орун басары эл аралык айтыштагы жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды

  • 1 год мурун

3-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев эл аралык айтыштагы жеңүүчүлөр Нурайым Бактияр кызын, Изат Айдаркулованы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Казакстандын Чымкент шаарында казакстандык белгилүү инсан Бибижамал Абзалованы элесинен арналып «Жаңа жоомарт -Жамал ана» Эл аралык айтыш өттү. Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев таланттуу акын кыздарды жеңиши менен куттуктап, алган сыйлыктарын тапшырды. Кыргыздын намысын коргоп, эл аралык айтышта байгелүү келген эки акын кыз Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенишет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты