Маданият министри театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 18-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өлкөдөгү театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр жетекчилрге филармониялардын жана театрлардын ишин жандандыруу боюнча бир катар талаптарды коюп, жетекчилерди натыйжалуу иш алып барууга чакырды.

Мындан сырткары күн тартибинде филармония, театрларга бөлүнгөн мамлекеттин каражатын максаттуу пайдалануу, көрүүчүлөрдөн түшкөн каражаттардын так суммасын аныктоо үчүн бирдиктүү билет системасын киргизүү, артисттерди гастролдорго чыгарып, эл кыдырып, концерт коюп, спектаклдерди тартуулоосуна шарт түзүү, кызматкерлердин штаттык бирдиктерин кароо, театр кызматкерлерин контрактык негизде иштөө тартибине өткөрүү, спектаклдерди кою боюнча көркөм эксперттик комиссиянын жобосуна өзгөртүү киргизүү жана башка бир катар маселелер каралып, аталган иштердин үстүндө ыкчам жана натыйжалуу иштөөсүн тапшырды.

Ошондой эле министр быйыл республикалык деңгээлдеги маданий чоң иш-чаралар өтөөрүн, анын бири 31-август күнү Ош шаарында өтө турчу “Арт-Ордо” фестивалы экенин, аталган фестивалга Ош облусундагы маданий мекемелер эртелеп даярдык көрүшү керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты