Маданият министри манасчы Дөөлөт Сыдыковго басым болбогонун айтты

  • 2 года мурун

Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов манасчы Дөөлөт Сыдыковго басым болбогонун айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

«Имаратка капсула салынып жатканда президент мага «Дөөлөт Сыдыковду дагы чакырып койсоң» деп айтты эле. «Манас айылында» реконструкция жүргүзөбүз, «Манас айылы» бойдон калат» деп түшүндүрүп берейин деген. Мен өзүм телефон чалып чакыргам. Ал киши ал жакка келген жок. Маданияттын адамы болгондуктан ал кишиге өзүм чалып, түшүндүрүп коёюн деп президентке айткам. Мен Дөөлөт мырзаны чакырып түшүндүрдүм. Эч кандай коркутуу же болбосо аброюна шек келтире турган сөз айтылган эмес. Коркутуу болушу дагы мүмкүн эмес», — деди ал.

Ошону менен катар эле ал Дөөлөт Сыдыков менен байланышпаганын билдирип, кайсы мамлекетке чыгып кеткени боюнча маалыматым жоктугун айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты