Маданият министри Максүтов Моргенштернди Бишкектеги концертке катыштырбоо аракети көрүлүп жатканын айтты

  • 1 год мурун

Маданият министри Алтынбек Максүтов орусиялык рэпер Моргенштернди Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын 16-июндагы жыйынында депутат Алишер Козуев рэпер Моргенштерндин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдирип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин чара көрүүгө чакырды. Алтынбек Максүтов депутатка мындай жооп берди:

Моргенштерн боюнча иш алып барып жатабыз. Тапшырма бердик. Имараттын (концерт боло турган) жетекчиси менен да сүйлөштүк. Бул боюнча биздин да пикир сиздикиндей эле. Анткени Моргенштернге Орусияда кылмыш иши козголгон экен”.

Бишкекте 23-24-июнь күндөрү Alga Fest музыка фестивалы өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик артисттер катышат. Концерттин биринчи күнүндө орусиялык рэпер Моргенштерн ырдай турганы көрсөтүлгөн. Ал Bishkek Arena имаратында өтөт.

Моргенштерндин толук аты-жөнү Алишер Моргенштерн. Ырчынын Ютуб каналында 12 миллионго жакын катталуучу бар. Ал Украинадагы согушту ачык сындаган. Аны Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент” тизмесине киргизген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты