Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

3-апрелде Мааданбек Таалайбек уулу аттуу Фейсбук колдонуучусу социалдык тармактарда “Принцесса Дури” аттуу каналдар ачылып, маңзат сатуу иши ачык жүрүп жатканын билдирген.

“Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Улан Ниязбеков,

алакандай Кыргызстанда бир социалдык тармак аркылуу жаштарды уулап,  наркотиканын ар түрүн,  курьер кызматы аркылуу сатып жүргөн кылмыштуу топту кармай албасак, эмнебизге мактанышыбыз керек?

Мына силерге далил… Өлкөбүздө миңдеген жаштар ушундай азгырыкка берилүүдө!” — деп жазган ал. 

“ПолитКлиника” медиасы бул каналдарды анализдеп көрдү.

“Принцесса Дури” Телеграм-каналы жана сайты 

Телеграм мессенджеринде “Принцесса Дури” деген аталыштагы 3 канал бар. Алардын эң алгачкысы 2021-жылы 13-октябрда түзүлгөн. Дагы эки канал быйыл март айында пайда болгон. 

Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

Үч каналда жалпы жонунан 10 миң 214 катталуучу бар. 

Телеграмм каналда “Оператор”, “Бот Автопродаж” деген бөлүмдөр аркылуу маңзаттар сатылып, “Канал отзывов” деген бөлүмүндө маңзат сатып алган кардарлардын билдирүүлөрү бөлүшүлүп турат. 

Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

Ошондой эле каналда “бизди алдоого аракет кылгандар” деген сыяктуу көптөгөн видеолор бөлүшүлгөн. Белгилүү болгондой, алгач бул тармакка кандайдыр бир жол менен байланышы бар адамдардын өздүгүн тастыктоочу документтери жарыяланып, андан соң топ адам барып аларды катуу ур-токмокко алган. 

Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

Видеолордо “Эмнеге “Принцесса Дурини” алдадың?!” деген коркутуулар айтылып, денеге өтө катуу залал келтирилген. 

Интернет айдыңында “Принцесса Дури” аттуу сайт дагы бар. Домени “pd24.vip” деп жазылып, сайттын домени менен туура келет.

Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

Who.is сайтынан аталган доменди текшерип көргөнүбүздө Германияда катталганы жана ээси Карим Дроздов аттуу адам экени көрсөтүлгөн.

Маңзат жана аёосуз сабоолор. “Принцесса Дури” тууралуу эмнелер белгилүү?

Сайт 2021-жылы июль айында каттоодон өткөн. Бирок Германиянын Unternehmenregister.de порталынан мындай домендеги сайт табылган жок. Мындан сырткары, каттоодон өткөн +86 коду менен башталган телефон номери  да Кытай Эл Республикасынын коду болгондуктан, сайттын Германияда каттоодон өткөнү шек жаратат. 

Мындан сырткары, сайттын ээси катары көрсөтүлгөн Karim Drozdov аттуу адам тууралуу да маалымат жок. 

Башкача айтканда, сайт расмий каттоодон өткөн эмес. 

Баңги бизнесинин Кыргызстандагы толкуну 

4-апрелде “Принцесса Дури” баңги тобунун мүчөлөрү кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандар өздөрүн “милиция кызматкерлерибиз” деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңги заты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Бул көрүнүштү камерага тартып, “кураторлоруна” жөнөтүшкөн. 3-апрель күнү шектүү катары 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К.А. кармалган. 

Белгилей кетсек, баңгизаттарын сатуу бизнеси Кыргызстанда өнүгүп жатканы тууралуу маалыматтар жана журналисттик иликтөөлөр буга чейин жарыяланган. Мисалы 2022-жылы “Азаттык” медиасынын “Интернетте гүлдөгөн баңги бизнеси” аттуу иликтөөсү жарык көргөн. Анда, Телеграм-каналдары аркылуу Бишкекте «мефедрон», «спайстан» баштап, героинге чейин сатылып жатканы айтылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты