«Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

  • 2 года мурун

Мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектелип кармалган ишкер Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечим 20-августта кабыл алынган. Ага ылайык, Абдуллаев 19-октябрга чейин абакта болот.

УКМК 19-августта сүт азыктарын чыгарган «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинтүү учурунда «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат табылганы кабарланган.

Атайын кызмат тараткан кабарда, Абдуллаев «такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени» белгиленген.

«Үмүт жана Ко» фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу «Гавайи» ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты