Өмүрбек Текебаев: «Мыйзам бузуулар болгону байкалып турат»

  • 3 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу пикирин билдирди. Ал шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айтат. 

«Биздин жүргүзгөн сурамжылоолорубуз боюнча 8-10%дан төмөн түшпөй келе жатканбыз. “Бийликчил” деп аталган партиялардын баары 4%га жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Ал көбөйүшү гана керек болчу. Азайышы мүмкүн эмес. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны эки эсе азайып, 41 миңге түшүп калды. Башка партияларда да ушундай өзгөрүүлөр болду. Чынын айтсак, “Ата-Мекен” партиясы бардык жерде байкоочуларды көрө алган жокпуз. Бирок, мындай болушу мүмкүн эмес. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат. Мага жеткен маалыматтар боюнча, көп жерде комиссия кол менен эсептебей жатат. Бул мыйзамды одоно бузгандык. Анткени, кол менен эсептөө гана шайлоонун жыйынтыгын чыгарганга негиз болот», — болот деп билдирди ал. 

Эске салсак, БШКнын жыйынтыгы тууралуу автоматтык эсептелген алгачкы маалыматында «Ата-Мекен» партиясы 6,45% добуш алганы көрсөтүлгөн. Автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурагандан кийин партиянын добушу 3,4%ды көрсөткөн. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты