Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда санариптик сомду киргизүүдө германиялык технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын мамлекеттик жеке документтерин чыгарган, ошондой эле ички иштер, бажы жана чек ара кызматтары үчүн коопсуз санариптик программаларды  камсыз кылган Германиянын мамлекеттик мекемеси болгон «Bundesdruckerei GmbH» аттуу компаниясына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Регионалдык директор Юдит Майнке айымдын айтымында, 250 жылдык тарыхы бар «Bundesdruckerei GmbH» компаниясы көп жылдардан бери евро банкнотторун чыгарып, азыркы тапта санариптик валютаны ишке ашыруу маселеси менен тыгыз иштеп келет. Бул процессте санариптик коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.

Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган санариптик сомду ишке киргизүүдө германиялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Бул маселелерди Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринде жана ведомстволорунда талкуулоо үчүн Кыргыз өлкөсүнүн «Bundesdruckerei GmbH» компаниясынын өкүлдөрүнө баруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты