Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды

  • 2 года мурун

5-майда Берлин шаарындагы Бельвю сарайында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федеративдүү республикасынын федералдык президенти Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө президент Садыр Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жолдоп, быйыл Кыргыз Республикасынын расмий сапар менен келүү чакыруусун айтты.

Германиянын Федералдык президенти Штайнмайер жана элчи Өмүрбек Текебаев 3-февралда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешип, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тармактарын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Андан тышкары Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуунун соңунда Германиянын Федералдык президентинин Бельвю сарайындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты