Мүмкүнчүлүкпү же карыз капканыбы?: Кыргызстандагы насыя алуунун өсүшү жана анын аялдарга тийгизген таасири 

Кыргызстанда насыя алуу күнүмдүк турмуштун бир бөлүгүнө айланып калды. Кадимки азык-түлүк алуудан тартып, унаа сатып алуу жана бизнес баштоо сыяктуу муктаждыктарды канааттандырууда насыя бир альтернатива катары каралууда. Алсак, 2024-жылы 1,1 миллиондон ашык адам насыя алган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 51%га көп. Ошол эле учурда микрокредит алгандардын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Алардын саны жылдан жылга өсүүдө. Кыргызстанда аялдардын жумушчу күчүнө катышуусунун төмөндүгү, айлык-акысынын салыштырмалуу аз экенин эске алуу менен эмне себептен микрокредиттерди алууда алардын активдүү катмар болуп жатканы бүдөмүк. Ошондой эле насыя алуу аялдардын экономикалык абалына кандай таасир этип жатканы да ачык суроо бойдон калууда.

Кыргызстандагы микрокредиттөөнүн тарыхый өнүгүүсү

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда микрокредиттөө Советтер Союзу ыдырагандан кийинки экономикалык каатчылык учурунда пайда боло баштаган. Анткени, жаңы эгемендүүлүк алган Кыргызстан базар экономикасына өтө баштаган учурда жакырчылыктын деңгээли өсүп, жумушсуздук күчөгөн. Ушул учурда адамдар мурдагы социалдык колдоо механизмдеринин бузулушу менен бейформал карыз булактарына, башкача айтканда, жеке жактарга карыз алуу үчүн кайрыла башташкан. Жеке жактар көбүнчө жогорку пайыз менен насыя берип, калктын экономикалык абалы оорлой берген. Ушундай шартта калктын аз камсыз болгон катмары үчүн жеткиликтүү башка каржы инструменттерине муктаждык жаралган.

Ошентип Кыргызстанда алгачкы микрофинансылык демилгелер 1995-жылдары пайда боло баштаган. Биринчилерден болуп FINCA эл аралык уюму микрофинансылык программалардын бирин ишке киргизген. Бул программалар Дүйнөлүк банк, БУУӨП, ЕБРР жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык донорлордун колдоосу менен өнүккөн.

Баштапкы этапта микрокредиттөө “жакырчылык менен күрөшүү” ыкмасына негизделип, негизинен аялуу катмарларга багытталган. Алгач насыялар жеке адамга эмес, топторго берилген. Кийинчерээк бул система туруктуураак моделге же коммерциялык микрофинансылоого өтүп, социалдык максаттар менен катар каржылык туруктуулукту да көздөй баштаган.

Бул учурдагы дагы бир маанилүү этаптардын бири Кыргызстанда насыялоо жаатында тиешелүү мыйзамдардын кабыл алынышы болду. Алсак, 1999-жылы “Кредиттик союздар жөнүндө” жана 2002-жылы “Микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынган. 

Натыйжада 2000-жылдары Кыргызстан Борбор Азиядагы микрофинансылоонун лидерлеринин бирине айланган. Өлкөдө жүздөгөн микрофинансылык уюмдар иштеп, шаардык жана айылдык калкты камтый баштаган. Микрокредиттөө өзгөчө айыл чарба жана соода тармагындагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө берилген.

Соодадан керектөөгө өткөн микрокредиттөө 

Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда кредиттердин багыты акыркы жылдары олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон.

2000-жылы айыл чарба тармагына берилген насыялар жалпы кредиттердин 16%ын түзгөн. 2012-жылы бул көрсөткүч кескин өсүп, 63,6%га жеткен. Бирок 2024-жылга карата кайрадан төмөндөп, болгону 11% деңгээлинде калган.

Ушуга окшош өзгөрүү соода тармагында да байкалат. 2000-жылы кредиттердин 70%ы соода жана коомдук тамактануу секторуна багытталган болсо, 2003-жылы бул көрсөткүч 80%га чейин жеткен. Ал эми 2024-жылга карата бул үлүш кескин төмөндөп, жалпы алынган насыялардын болгону 3,68%ы соода тармагына жумшалган.

Мунун ордуна керектөө кредиттеринин үлүшү кескин өсө баштаган. 2002-жылдары жаңы гана пайда болгон керектөө насыялары 1%га да жетпеген үлүштү түзсө, 2024-жылы алардын көлөмү 80,68%га чейин жеткен.*Керектөө кредиттери — бул жарандардын жеке керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн алынган насыялар. Алар, адатта, бизнес же өндүрүш үчүн эмес, күнүмдүк жашоого байланышкан чыгымдарды жабууга багытталат. Мисалы, азык-түлүк сатып алуу, дарылануу, билим алуу, үй-тиричилик техникаларын алуу же мурдагы карыздарды төлөө үчүн колдонулат.

Белгилей кетсек,  2026-жылга карата өлкөдө 100гө жакын микрокредиттик жана микрофинансылык компаниялар иш алып барат.  Алар 2024-жылга карата калкка орточо 30,33%дык үстөк пайыз менен кредит беришкен.Мындан тышкары, өлкөдө 20дан ашуун коммерциялык банк финансылык кызмат көрсөтөт. Алар дагы калкка микрокредиттерди сунуштоо багытын активдүү кеңейтип жатышат. Банктар сунуштаган кредиттердин орточо пайыздык чени 2023-жылга карата 19,1% деңгээлинде деп белгиленген.

Аялдар жана кредит 

Кыргызстандын эгемен тарыхында микрокредит алууда аялдардын үлүшү дайыма жогору болуп келген. 2000-жылдардын башында Дүйнөлүк банк, БУУӨП, ЕБРР жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар аялдар арасындагы жакырчылыкты жоюуга багытталган программаларды активдүү жүргүзгөндүктөн, ошол мезгилде кредит алгандардын 80%га жакынын аялдар түзгөн.2024-жылга карата бул көрсөткүч төмөндөп, жалпы микрокредит алгандарын 56%ы аялдар болгон. Ошого карабастан, аялдардын микрокредит алууда үлүшү эркектерге салыштырмалуу жогору бойдон калууда.

Мүмкүнчүлүкпү же карыз капканыбы?: Кыргызстандагы насыя алуунун өсүшү жана анын аялдарга тийгизген таасири 

Бул аялдардын бири Самара. Ал азыр 52 жашта. Кредит алуу Кыргызстанда жаңы жайылып баштаганда айылдаш аялдар менен топ болуп ала баштаган. Азыркы учурда дагы бир канча насыясы бар экенин айтат. Айтымында, аларды күнүмдүк  керектөөлөргө жана балдарынын муктаждыктарын жабуу үчүн алган.

“Биздин айылда көпчүлүк адамдар миграцияга кетет. Бирок менин жолдошум үйдө эле иштеп жүрдү. Кийинчерээк каатчылык болуп кеткенде, үйдөгү кирешенин төмөндүгүнөн башка аялдарга кошулуп кредит алып калдым. Ал убакта жалгыздап эмес, топ-топ болуп алчубуз. Бирөөлөрдү атайын суранып барып кепил кылып жаздырчубуз. Анан алган кредиттерди үйдө дыйканчылык кылып, мал-жандыкты сатып жаап жүрчүбүз. Кийинчерээк мектепте тазалык кызматкери болуп иштеп калдым. Бирок айлык кээде дале жетпей калчу. Ошол убактарда да кредит алып калдык. Кийинчерээк балдарым чоңоюп, ар жакка кетишип, алар да “алып бериңиз” деп суранып калышты. Аларга да өзүмдүн атыман алып бердим. Кредит менен эле жашап жүрөбүз айтор”.

Экономика жаатындагы эксперт Искендер Шаршеев кыска убакыттагы маселерди чечүү үчүн алынган керектөө кредиттери калктын экономикалык абалын жакшыртууга салым кошпой турганын айтат.

“Негизинен, кредит бул экономиканын маанилүү инструменттеринин бири. Ал аркылуу акча калк арасында бөлүштүрүлүп, кайра айланып, экономикалык активдүүлүктү жандандырат. Башкача айтканда, кредитти экономиканын “майы” катары кароого болот. Ал болбосо акча жүгүртүүсү жайлап, өнүгүү да чектелет. Бирок кредиттин таасири анын кандай максатта колдонулганына түздөн-түз байланыштуу. Эгер насыя керектөө максаттарына, башкача айтканда, убактылуу муктаждыктарга же күнүмдүк чыгымдарга  жумшалса, бул үй-бүлөгө кошумча каржылык жүк жаратат. Мындай учурда адамдар жаңы кредит алып эскисин жабууга аргасыз болуп, карыздын айлампасына түшүп калышы мүмкүн. Айрымдары карызын төлөй албай, “кара тизмеге” кирип, кийинкиде кредит алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.

Ошондой эле, эксперттин айтымында, кредит качан гана бизнес ачууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө же киреше алып келүүчү ишке жумшалганда, ал өзүнүн негизги ролун аткарып, экономиканын өсүүсүнө жана үй-бүлөлөрдүн туруктуу киреше табуусуна шарт түзөт.

“Кредитти иштетүүнү билүү маанилүү”

Негизинен Кыргызстанда керектөө кредиттерин алгандардын саны өтө жогору болгонуна карабай өз бизнесин өнүктүрүү үчүн насыяны ийгиликтүү колдонуп кеткендер да бар. Алардын бири Атыр. Ал 2010-жылы чакан дүкөн ачуу үчүн кредит алып, аны иштетип, анын аркасында үй-жай алууга да жетишкен.

“Мен кредит алганга чейин ар кандай жеке жана мамлекеттик секторлордо иштеп келдим. Жумуш туруксуз болуп, үйдө отуруп калган учурларда өзүм бизнес ачып иштетсем жакшыраак боло турганын түшүндүм. Ошентип 2010-жылы биринчи жолу кредит алып, ал акчага дүкөн ачып иштете баштадым. Кыйынчылыктар болду, албетте, бирок мен өзүм төлөй аларыма ишенген гана суммаларды алчумун. Менимче, бул абдан маанилүү. Кредит алгандан кийин аны иштеткенди билүү жана убагында төлөй алуу керек. Кудайга шүгүр, бизнесим жакшы болуп үй-жай алууга, бутка турууга жетиштим. Азыр деле кредиттин үстүндө жүрөм”.

Ошондой эле, Атырдын айтымында, насыя алуудагы эске алуучу негизги жагдай — киреше булагынын сөзсүз болуусу. Бирок бул кыргызстандык аялдардын реалдуулугунда канчалык мүмкүн экени суроо жаратат. Анткени Кыргызстанда ишке жарамдуу аялдардын 48,7% гана формалдуу экономикада иштейт. 

Ага кошумча акыркы жылдары аялдардын маянасынын эркектердин айлык-акысына карата катышы төмөндөгөн.

Экономика жаатындагы эксперт Искендер Шаршеев аялдардын эмгекке катышуусунун төмөндүгү алардын каржылык көз каранды абалда калышына алып келерин белгилейт. Анын айтымында, аялдардын аткарган эмгегинин чоң бөлүгү расмий экономикага кирбей, бааланбай калат.

“Негизи аялдар көп жумуш жасашат. Бирок бул негизинен формалдуу эмес, монетизацияланбаган үй шартында болгондуктан, ал “милдет” катары кабыл алынып, көзгө көрүнбөй калат. Бул учурда аялдар кредиттерин төлөө же башка жумуштарда үй-бүлөсүнө же жолдошуна көз каранды болуп калышы мүмкүн. Дагы бир жагдай, аялдар формалдуу иштебесе дагы биздин коомдо үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүүдө активдүү катышарын унутпоо керек. Бул учурда алар кайсы бир деңгээлде финансылык стабилдүүлүгү болушу мүмкүн”.

Ошол эле учурда эксперт Кыргызстанда аялдар үчүн да, эркектер үчүн да экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда финансылык сабаттуулук негизги роль ойной турганын белгилейт. Анын айтымында, жарандар киреше менен чыгашанын ортосундагы тең салмакты жана кредитти туура пайдаланууну түшүнгөндө гана туруктуу экономикалык абалга жетише алышат.

Экономикалык туруктуулукка жетишүү үчүн дагы эмнелерди кылуу керек? 

Экономикалык туруктуулук жана финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү менен катар кээ бир учурларда насыя аялдар үчүн “акыркы үмүт” болуп калган учурлар да кездешет. Бул нерсени 32 жаштагы Айзат өзүнүн жон териси менен сезген. Ал бир канча жыл күйөөсүнүн кордугун көрүп жашап, акыры жолдошу аны бир күн өлтүрүп коюуга чейин барышы мүмкүн экендигин сезгенде качууга бел байлаган. Айзаттын сактап койгон акчасы болбогондуктан кредит алуу акыркы чечим болуп калган.

“Жолдошум экөөбүз беш балалуу болгуча чогуу жашадык. Бирок ушунча убакыт аралыгында анын кол көтөргөнү такыр тыйылбай, акыркы учурларда катуу уруп салып жаткан. Балдарым да коркуп, заарканып бүтүшкөн эле… Анан акыркы жолу катуу сабаганда бир күн өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин түшүндүм. Ошондо чечим кабыл алып, балдарымды алып качып чыктым. Бишкекке кетишибиз керек деп турдум, бирок акчам жок эле. Ошондо мурда кайнатама кредит алып берип жүргөнүмдү эстеп, банкка баруу оюма келди. Банкта кредиттик тарыхым бар болгондуктан мага 30 миң сом беришти. Ошол акча жол киреге жана Бишкекке келгенден кийинки биринчи убактагы жашообузга жетти. Азыр шүгүр, зомбулуктан чыгып, балдарым менен жаңы жашоо баштадык”, — дейт Айзат.

Жеке ишкер жана аялдардын экономикалык абалын чыңдоо багытында көп жылдан бери иштеп келе жаткан эксперт Махабат Жакеева Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук тилекке каршы кеңири тараган көрүнүш экенин жана экономикалык көз карандылык бул абалды курчутушу мүмкүн экенин белгилейт. Ал бул багытта абалды жакшыртуунун эң жакшы жолу аялдарга финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүн үйрөтүп, бизнес баштоону каалагандарга жардам берүү керектигин айтат.

“Мен 2019-жылы “Аялдар арасындагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү” деген коомдук бирикме ачып аялдардардын экономикалык бакубаттулугун жогорулатуу максатында долбоорлорду ишке ашырып келем. Буга чейинки көп жылдык тажрыйбамда да аялдардын экономикалык көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн терең түшүнүп аны жайылтуу үчүн иш алып барып келгенмин. Негизинен баарыбыз билгендей үй-бүлөлүк зомбулук темасы бизде курч, айрыкча айыл жергелеринде көбүрөөк деп айтууга негиз бар. Анан биз долбоорлорубузда бул тууралуу түздөн-түз айтпасак да, аялдардын экономикалык жактан күчтүү болушу аларды көптөгөн терс жагдайлардан коргой турганын белгилеп келебиз. Мындан сырткары аялдар арасындагы финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүн да жайылтууга аракет кылуудабыз. Анткени, бизнес болобу күнүмдүк турмушта болобу киреше менен чыгашаны анализдөө, эгер бизнес кылган айым болсо кантип аны көбөйтсө болот деген ыкмаларды билүү аялдар үчүн аябай маанилүү. Анткени эгерде аял киреше тапса бул бир гана өзүнө эмес, балдарына жана үй-бүлөдөгү атмосферанын да жакшы болушуна шарт түзөт.”

Эксперттин айтымында, аялдар бизнес баштоо үчүн көп учурда насыя алууга аргасыз болушат. Бирок насыянын натыйжалуулугу аны канчалык туура пайдаланууга жараша болот.

“Кыргызстанда калктын 51%ын аялдар түзөт. Биз аялдардын формалдуу экономикага көбүрөөк тартылышын жана алардын экономикадагы орду көрүнүктүү болушун каалайбыз. Анткени көпчүлүгү көмүскө экономикада иштегендиктен, алардын эмгеги бааланбай калууда. Ошол эле учурда аялдар ар түрдүү тармактарда активдүү. Мисалы, туризм тармагында иштегендердин 80%дан ашыгын аялдар түзөт. Бирок алардын көбү формалдуу эмес иштегендиктен, расмий статистикада толук чагылдырылбайт калат. Биз бул багытта дагы иштерди алып баруудабыз. Ошондой эле ишкерликке кызыккан, өз ишин баштасам деген аялдардын саны да арбын экенин белгилеп кетүү керек. Көпчүлүгү чакан да болсо өз ишин баштоону каалашат. Бирок жөнөкөй эле мисал бышырык же шириндик сатып баштоо үчүн да баштапкы каражат керек. Туруктуу кирешеси же күрөөсү жок болгондуктан, аялдар көпчүлүк насыя алууну тандашат. Насыя туура пайдаланылса, ал жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок финансылык сабаттуулук жетишсиз болсо, тескерисинче зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз атайын окутууларды өткөрүп, донорлорго жана өнөктөштөргө бул багытта системалуу иш алып баруу зарылдыгын айтып келебиз.”

Махабат Жакеева аялдардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн билим берүү жана колдоо механизмдерин күчөтүү зарыл экенин кошумчалайт.

“Аялдардын экономикалык туруктуулугу өтө маанилүү. Кыргызстанда 2025-жылдан тарта ишкер аялдарды колдоого багытталган президенттин жарлыгы кабыл алынды. Бул Борбор Азияда алгачкы жолу аял ишкерлерге өзүнчө көңүл бурулган демилге десек болот. Мындай кадамдар аялдардын экономикадагы ордун бекемдеп, алардын активдүүлүгүн арттырат деп ишенебиз. Мындан тышкары, аялдардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз окутууларды өткөрүү, билим алууга түрткү берүү жана бизнес чөйрөсүндө өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү зарыл. Анткени аял экономикалык жактан туруктуу болсо, бул бүтүндөй коом жана мамлекет үчүн да чоң пайда алып келет”, — дейт эксперт.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Бул материал APWLD (Азия-Тынч океан аялдардын укуктары жана өнүгүүсү боюнча форуму) уюмунун 2025-жылдагы Feminist Media Fund стипендиясынын алкагында даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты