Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
- 2 года мурун
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 27-апрелде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Муну бөлүшүү