Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
- 1 год мурун
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-12-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Кырсык катталган учурда “112” номерине чалыңыз. Байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.
Муну бөлүшүү