Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

  • 2 года мурун

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-19-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, ӨКМ тарабынан телефонограмма даярдалган. Ошондой эле ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты