Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 3 месяца мурун
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Муну бөлүшүү