Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 1 месяц мурун
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Бишкек – Ош унаа жолунда:
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке —Кара-Кулжа — Алайкуу 74-107 чакырымы;
Ала –Бука – Каныш –Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Кызыл-Бел —Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымы;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.