Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 4 месяца мурун

14-марттан 16-мартга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында;
  • Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;
  • Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
    Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты