Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 5 месяцев мурун

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

3-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн .

  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чак. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты