Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

  • 2 года мурун

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2-4-августарында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 1-август күнү ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ӨКМдин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты