Өлкөнүн тоолуу аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаашы мүмкүн

  • 3 месяца мурун

Өлкөнүн тоолуу аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-12-май күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты