Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 5 месяцев мурун
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейин кар көчкү кырдаалы, жаан-чачын күтүлүүдө.
- Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
- Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.
Муну бөлүшүү