Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 1 год мурун

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

25-апрелден 29-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын төмөнкү тоолуу райондорунда:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна, 207-246 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусуна, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан улам, көчкү жүрө турган тилкелерде унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты