Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 2 года мурун
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-февралдан 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Муну бөлүшүү