Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн

  • 1 год мурун

Ашууларга кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелден 20-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарынын Чоң-Ашуу ашуусуна, Барскоон – Ак – Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

«Унаада дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек топтому жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеңиз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты