Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди
- 2 года мурун
Cейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-ноябрда, саат 08:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында 3 балл, Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар, кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү