Өлкөнүн айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр түшүрүлөт
- 8 месяцев мурун
Өлкөнүн айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иши жүрөт.
Кар көчкүнү атып түшүрүү иши 2024-жылдын 7-март күнү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу аталган унаа жолдорунда чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип турат.
Муну бөлүшүү