Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн

  • 1 год мурун

16-17-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Мындай суук жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошондой эле күтүлүп жаткан үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты