Өлкө кызыкчылыгы импорт жем ташыган 5-6 жеке компанияныкынан жогору турушу керек. МинКаб төрагасы балык тоюту тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы балык тоютун өндүрүүчү ишканалар боюнча кыскача маалымат берди жана мындан ары балык тоютунда импорт болбой турганын, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин Фейсбук баракчасында билдирди.

«Жергиликтүү жана сырттан келген балык тоюттарынан проба алып, Алматыга экспертизага жиберип, жыйынтыгын алдык. Эч кандай айырма аныкталган жок. Сапаты бирдей болуп чыкты. Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула” деди Касымалиев.  

Министрлер кабинетинин төрагасы өзүбүздө өндүрүлгөн балык жеми чарбалардын муктаждыктарын жабаарын айтты:   

-Өзүбүздө өндүрүлгөн балык жеми өлкөдөгү чарбалардын муктаждыктарын толук жапкандан сырткары, экспортко чыгарууга да жетет. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат. Анан кантип өнүгүү болот?

5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек. Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар, -деди МинКаб төрагасы.

Касымалиевдин айтымында, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлгөн. Өлкөбүздөгү «Тянь-Шань форель», «Салих ЛТД», «Био Жем» жана «Аква Вин» ишканаларынын жалпы жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тоннаны түзөт.

«Тянь-Шань форелден» башка үч ишканадан 80-90дой балык чарбасы тоют сатып алып, жалпы инвестиция 15,83 млн долларды түзгөн. Аталган ишканаларда жалпысы 120 адам жумуш менен камсыз болгон. Ошентип, жалпы төрт ишкананын кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны, өндүрүшү болсо 5 500 тоннаны түзгөн.

Орто эсеп менен 86–96 балык чарбасын тоют менен камсыз кылышкан. Жалпы инвестициясы — 15,83 млн доллар. Тоюттун курамына келе турган болсок, анын 25% жергиликтүү кошулмалардан турат. Ага жүгөрү жана жүгөрү белогу, буудай уну, крахмал, минералдык кошулмалар кирет. Калган 75% импорттолгон кошулмалардан турат. Ага балык уну, соя майы жана шроту, астаксантин, амин кислоталары, премикстер кирет.

Жыйынтыктап айтканда, жергиликтүү өндүрүш 2022-жылдагы 590 тоннадан 2026-жылдын 9 айында 5 500 тоннага чейин өскөн. Импорт 2022–2023-жылдары эң жогорку чекке жетип, 12,5–12,9 миң тоннаны түзгөн. Экспорттун 75% форель тоюту түзөт, -деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Блогер Ыдырыс Исаков менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун ортосундагы түз эфирдеги дебатка балык тоюту (жеми) жана балык чарбасындагы көйгөйлөр негизги себеп болгон. Ыдырыс Исаков өлкөдөгү балык чарбаларында балыктар массалык түрдө кырылып жаткан видеолорду жарыялаган.

Муну Министрлик тарабынан чет өлкөдөн сапаттуу импорттук тоюттарды алып кирүүгө чектөө салынганы жана балыкчыларды сапатсыз жергиликтүү тоюттарды колдонууга мажбурлоо менен байланыштырган.

Министр Эрлист Акунбеков журналисттин мындай билдирүүлөрүн «бир тараптуу, коомчулукка туура эмес маалымат берүү жана көрүүчү топтоо аракети» деп айыптаган. Министр өзүнүн монополист экенин четке кагып, ата мекендик өндүрүштү жана жергиликтүү тоют чыгаруучу заводдорду колдоо мамлекеттик саясат экенин билдирген. Ал Исаковду маалыматты бурмалабай, ачык талкууга келүүгө чакырып, 80 мүнөттөн ашык созулган УТРКдагы түз эфирди уюштурган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты