Өлкөгө тотукуш менен төө куштарды мыйзамсыз алып кирген жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

1-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында канаттууларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталган.

Бул тууралуу Коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган У.А. аттуу Кыргызстандын жараны Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа менен Өзбекстандан Кыргызстанга 160 тотукуш жана төө куштун 6 балапанын алып кирүүгө аракет кылган.

Ал канаттуулар салынган торду унаасына салып, үстүн жеке буюмдар менен жаап койгон. Кыргыз жаранынын канаттуларга тийиштүү документтер жоктугу аныкталган. Канаттуулардын жалпы суммасы 774 миң 500 сомду түзгөндүгү айтылды.

Өлкөгө тотукуш менен төө куштарды мыйзамсыз алып кирген жаран кармалды

Сүрөттөр: Чек ара кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты