Өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып келүү демилгеси ЖКнын комитетинде колдоо тапкан жок

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демилгелеген оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 26-апрелдеги отурумда каралып, колдоо тапкан жок.

Демилгечилердин бири Чолпон Султанбекова соңку учурда башка өлкөлөрдөн оң рулдуу автоунаалар кирип жатканын жүйө кылып, аларды мыйзамдаштырып бажы төлөмүн алуу жана өлкөнүн автопаркын жакшыртуу керек экенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга каршы чыгып, оң рулдуу автоунаалар жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын белгиледи.

Буга чейин ИИМ Кыргызстанда рулу оң жактагы машине менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу сунуштаган.

Мекеменин расмий маалыматына караганда, 2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда жалпысынан катталган 1366 жол кырсыгынын 456сы оң рулдуу автоунааларга тиешелүү. Үч айда жолдо мүрт кеткен 110 адамдын 38инин өлүмүнө оң рулдуу машиненин кырсыкка учураганы себеп болгон, бул сан 34,5% түзөт. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты