Өлкөдө жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду

  • 1 год мурун

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан 21-июлга чейинки аралыкта 69 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23%га өскөн.

«Көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун арасында эркек, аял, өспүрүмдөр, ал тургай наристелер да бар. Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты