Өлкөдө ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды
- 1 год мурун
14-августта жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00до аяктайт.
ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
Муну бөлүшүү