Өлкөдө жаңы жылда 276 бала төрөлдү

  • 7 месяцев мурун

Өлкөдө жаңы жылда 276 бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда саат 8:00дөн тарта 1-январь 8:00гө чейинки убакытта Кыргызстанда 276 бөбөк төрөлдү. Алардын 143ү — уул, 133ү.

Ош облусунда эгиздер төрөлдү.
«Бишкектеги №2 төрөтканада жарыкка келген кыздын салмагы — 3,520 килограмм, бою — 49 сантиметр, Кызыл-Кыядагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунда да кыз төрөлгөн, салмагы — 4,050 килограмм, бою — 59 сантиметр, Чүйдүн Кемин районунда жалпы дарыгерлер практикалык борборунда түн ортосунда эркек бала жарыкка келген, салмагы — 3,015 килограмм, бою — 51 сантиметр, Жалал-Абаддагы облустук ооруканадагы төрөт бөлүмүндө да ымыркайлар төрөлгөн. Кыздын салмагы — 3,650 килограмм, бою — 52 сантиметр, эркек баланын салмагы — 3,080 килограмм, бою 51 сантиметр болгон», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты