Өлкөдө таланттуу балдарга арналган чыгармачылык лагерь ачылды

  • 1 год мурун

Өлкөдө таланттуу балдарга арналган чыгармачылык лагерь ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

19-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Казахстан» санаторийинде башталды. Алгачкы күндү балдар бири- бири менен таанышуудан башташты. Андан соң аларды жетектеген тарбиячылар программалар менен тааныштырып, лагердеги коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж өтүшүп, отряддарга бөлүштү. Төрт отрядка бөлүнгөн балдар кечкисин тарбиячылары менен бирге өз өнөрлөрүн тартуулашып, концерттик программа бий аянтчадагы заманбап бийлер менен аяктады.

Маалымат үчүн: Балдар, өспүрүмдөр чыгармачылык лагери министрликке караштуу балдар музыкалык мектептеринин, балдар искусство мектептеринин эң алдыңкы окуучуларына дем берүү, маданият чөйрөсүндөгү жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан студенттер тарабынан мектептердин окуучуларына мастер-класстарды өткөрүү жана чыгармачыл тажрыйба алмашуу, балдарда улуттук жана жалпы маданий баалуулуктарды, патриоттулукту калыптандыруу максатында уюштурулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты