Өлкөдө дан эгиндеринин дээрлик 60 пайызы жыйналды
- 10 месяцев мурун
Кыргызстанда дан эгиндеринин дээрлик 60 пайызы жыйналды. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматында айтылат.
678,4 миң гектар дан эгиндеринин жалпы аянтынын 40,5 миң гектары жыйналды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,2 миң гектарга көп.
Эң көп түшүм Жалал-Абад облусунда байкалууда: орточо эсеп менен гектарынан 30 центнерден буудай, 24 центнерден арпа жыйналды.
Ош облecунда жүгөрү жыйноо башталды. Бардык аймактарда жашылча, коон жана картошка жыйноо иштери уланууда.
Муну бөлүшүү




