Өлкөдө үч күн катары менен COVID-19 катталган жок
- 2 года мурун
6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 катталган жок.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ошону менен өлкөдө үч күн катары менен коронавирус катталган жок.
2020-жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 миң 968 болду. 2 миң 991 киши каза тапты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү