Өлкөдө бир жумада эки адамдан коронавирус аныкталды
- 2 года мурун
Өлкөдө бир жумада эки адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
9-15-январга чейин COVID-19дун 2 жаңы учуру аныкталды.
Бардык аймактар жашыл зонада болду. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жыл жана 2023-жылдын 15 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 840 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 829 (90,8 пайыз) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,2 пайыз) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
Муну бөлүшүү