Өлкөдө бир жумада 28 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Өлкөдө бир жумада 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Катталган 28 учурдун ичинен 6 бейтап ооруканага жаткырылган, 22си амбулатордук дарыланууда.

14-ноябрдан 20-ноябрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 10 ай 20 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 764 учуру катталды, анын ичинен
19756 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2008и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты