Өлкөдө бир аптада 9 миңден ашык адам сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылышты

  • 6 месяцев мурун

Өлкөдө бир аптада 9 миңден ашык адам сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-21-январь күндөрү өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелерине сасык тумоого чалдыгып 9 295 адам кайрылды. Алардын 67,1 пайызы жаш балдар. Ошондой эле беш киши COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталды, баары Бишкек шаарынын тургундары.  Бул көрсөткүч мурдагы аптага салыштырмалуу 8,1 пайызга азайды. Сасык тумоологондордун басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй облусу жана Ош облусунда катталды.

Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты