Өлкөдө бир аптада 12 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Өлкөдө бир аптада 12 адамдан коронавирус аныкталды
Кыргызстанда бир жумада, 31-октябрдан 6-ноябрга чейин, COVID-19дун жаңы 12 учуру катталды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Катталган 11 адамдын бирөө ооруканага жаткырылган, 11и амбулатордук дарыланууда.

7-ноябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 10 ай 6 күнүндө COVID-19дун 21 716 учуру катталган, анын ичинде 19 709 (90,8 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,2%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты