Өлкөдө алгачкы жолу “Бий өнөр» кароо-сынак фестивалы өтөт

  • 1 год мурун

Өлкөдө алгачкы жолу “Бий өнөр» кароо-сынак фестивалы өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Республикалык “Бий өнөр” коомдук фонду менен биргеликте бийерман (балетмейстер), бий коюучу (хореограф) кесибин даӊазалоо жана салттуу бий өнөрүн колдоо, өнүктүрүү, бий өнөрүнө таандык болгон жаңы чыгармаларын жаратып, репертуарларды байытуу максатында I Республикалык « Бий өнөр» кароо-сынак фестивалы болот.

Кароо-сынак фестивалы эки баскыч менен өтөт. Биринчи баскычында жалпысынан 40 бий коллективи катышып, анын 15 тандалып алынды. Эми алар республикалык кароо-сынак фестивалынын 2-финалдык баскычына катышышат.

Экинчиси, финалдык баскыч — 10-июнда саат 15:00дө Ысык-Көл облусундагы “Барчын” өспүрүмдөр борборунда өткөрүлөт. (Сары-ой айылы)
Кароо-сынак фестивалы төмөндөгү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

  • Элибизге таандык этно бийлер.
  • Кыргыз элдик фольклоруна таандык бийлер.
  • Өзгөчө макала сынагы.

Кароо-сынак фестивалы төмөндөгү талаптар боюнча өткөрүлөт:

  • Кыргыз элинин байыркы салттуу бий өнөрүнүн илимий өңүттө изилдениши. ( Тегерек стол жана мастер класс)
  • Элдик бийлердин байыркы, этно-архаикалык түрүн иштеп чыгуу менен чеберчиликте аткаруу.
  • Этно- музыкаларынын негизинде кыргыз этно- бийлерин чагылдыруу.
  • Кыргыз бийлериндеги кыймыл аракеттердин өзгөчөлүктөрүн ачып берүү менен алардын кесипкойлугун(профессионалдуу) чеберчилик денгээлде аткарылышы.
  • Элдик бийлердеги кыргыз элинин салт-санаа, үрп адат, каада салт жана элдик фольклордун ордун көрсөтүү.
  • Кыргыз бийлерин жайылтуудагы жаңыча ыкмалардын колдонулушу.
  • Этно-архаикалык бийлердин кийим-кечелери образдуу, уникалдуу даярдалышы керек.
  • Элдик фольклор бийдин мазмунуна жараша элдик ырларды, куулорду айкалыштыруу.
  • Этно-фольклор бийлерди коюуда хореографтын жекече, оргиналдуу бийлерди ойлоп табууларына озгочо конул болунот;
  • Тарыхый бийлердин унутта калган түрлорун жандантып, бийлеп чыгуу
  • Чогуу бийлоодо алардын синхрондуулугу жана актердук шыктары.
  • Бийчи топтордун саны 9 адамга чейин болуусу шарт.
  • Бийди иштеп чыккан, коюучу хореограф өзү катыша турган болсо топтун санынын ичинде болушу керек.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты