Өлкөдө айрым мектептер онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды

  • 2 года мурун

Өлкөдө айрым мектептер онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:

• Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;

• Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;

• Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;

• Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;

• Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп.

Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты