Өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар

  • 2 года мурун

Өлкөдө 700 000ден ашуун салык төлөөчү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

«Азыркы учурда биздин өлкөдө 700 000ден ашуун салык төлөөчү бар экендигин белгилей кетүү керек. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү,  же ишкерлерибиз мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлерибиз биздин жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

Бүгүн талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты