Өлкөдө 5 айда 94,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

  • 1 год мурун

Өлкөдө 5 айда 94,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд 816,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,3 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 69 млрд 761,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8,9 млрд сомго көп чогултулду.

«Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 25 млрд 54,9 млн сомду түзүп, план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 млрд сомго көп.

Пландык көрсөткүчтөрдүн ашыкча аткарылышына таасир этүүчү оң факторлордун бири – салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштер, бизнести көмүскөдөн чыгаруу болду.

Мындан тышкары, салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин – контролдук-кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура ж. б. киргизүү өз натыйжаларын берди», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты